Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Бишкекте унаа базардын жолундагы кырсыкта эки киши каза болду


“Азамат” унаа базарынын жанындагы жол кырсыгында эки киши каза болду. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 12-декабрда саат кечки бештер чамасында катталган.

Бишкек–Ош жолунун 15-чакырымында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү машина унаа базарынан чыгып, жол эрежесин бузуу менен шаар тарапка бурулган. Ошол учурда "Хундай Палисад" үлгүсүндөгү машина сүзүп кеткен. “Мерседес-Бенцтин” айдоочусу жана жүргүнчү мүрт кетип, экинчи машинадагы эки киши түрдүү жарааттар менен Сокулук райондук ооруканасына жеткирилди.

Кыргызстанда акыркы беш жылда жол кырсыктарынан 3800дөн ашуун киши каза болду. Бул - күнүгө унаа жолдорунда эки кишинин өмүрү кыйылат дегендик. Соңку он жылда унаа кырсыгынан 120 миңден ашык киши жаракат алды. Авариянын кесепетинен жарым жан болуп, өмүр бою анын азабын тарткандар бар.

Айрым эксперттер Кыргызстандагы жол кырсыктарынын кесепетин согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөгү абалга дагы салыштырышат. (КЕ)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG