Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Reuters: Орусиянын мунай жана газ кирешеси 2020-жылдагыдан дагы төмөндөйт


Декабрда Орусиянын мамлекеттик секторунун мунай жана газдан түшкөн кирешеси чийки мунайдын арзандашынын жана рублдин күчөшүнүн натыйжасында былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсе азаят. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз эсебине таянып билдирди.

Агенттиктин анализине караганда, Орусиянын кирешеси 410 млрд рублди (беш млрд доллардан бир аз көбүрөөк) түзөт.

"Бул 2020-жылдын августунан берки эң төмөнкү көрсөткүч болот. Анда пандемиядан улам энергия сатуу азайып, бул багыттагы киреше 405 миллиард рублди түзгөн", - деп белгилейт агенттик.

Жылдык киреше дээрлик чейрекке, болжол менен сегиз жарым триллион рублга чейин кыскарышы күтүлүүдө. Бул Орусиянын Каржы министрлигинин болжолдоосунан төмөн.

Reuters агенттиги кирешенин азайышын мунайдын арзандашы жана рублдин бекемделиши менен байланыштырууда. Ноябрда орус мунайынын баасы октябрга салыштырмалуу 17% түшкөн.

Мындан сырткары АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын ири мунай компаниялары “Роснефть” менен “Лукойлга” санкция салган. АКШнын президенти Дональд Трамп санкциялар Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга таасирин тийгизет деген ниетин билдирген.

Ноябрда орус президенти Владимир Путин Трамп менен Аляскада сүйлөшүүсүнөн кийин АКШ жаңы санкция салганы күтүүсүз болгонун айткан.

Мунай жана газ Орусиянын бюджетинин негизги киреше булактарынын бири болуп саналат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG