Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Бишкек административдик соту Абакировдун арызын канааттандырган жок


Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоосунда №26 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча талапкер Элдар Абакировдун даттануусун Бишкек шаарынын административдик
соту канааттандырган жок.

Сотко Абакиров жана анын өкүлү, БШКнын өкүлү, жалпыга маалымдоо каражаттары катышты. Сот отуруму түшкү саат 15:00дө башталып, алты саатка созулду.

Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматова отурумунда сот бир топ жагдайларга көңүл бурулбаганын жана өтүнүчтөр канааттандырылбаганын айтты.

“Сот бир тараптуу, БШКга негизсиз боор тартып ишти карады. Биз ушул ишти тергеп жаткан тергөөчүнү жана БШКнын алдындагы ишти карап жаткан жумушчу топту күбө катары чакырып, ишти угалы дегенбиз. Сот маңызы жок, формалдуу чечимди мыйзамдуу деп таап, өтүнүчтөрдү канааттандырган жок”, - деди Абдрахматова.

Ал бул чечимге каршы даттана турганын билдирди.

Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Элдар Абакиров шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районундагы бул окуяда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, бул маселе каралбай калганына даттанып, акчанын чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылган. Ал бул иш боюнча күнөөлүүлөр аныкталбаса, №26 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

ИИМ акча тараткан адам талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастаган. Бирок 8-декабрда БШК акча таратууга талапкердин тиешеси жоктугун айтып, Саккараевди шайлоодон четтеткен эмес.

Боршайком ошол эле күнү №26 округ боюнча да чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Медербек Саккараевди, Эркинбек Исеналиевди жана Жамила Исаеваны тааныган. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, Саккараев 12 миң 82, Исеналиев 11 миң 656 добуш алган. Айым талапкерлерден Исаева 5 миң 784 добуш чогулткан. Элдар Абакировду 7 миң 242 шайлоочу колдоп, үчүнчү орунга чыккан. (Dsh)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG