Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

"Мурда да сабалып, бирок тосмо арыз жазып берчү экен". Аялына кол көтөрдү деген окутуучу камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

мазмуну

  • Бишкекте Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын укук иштери боюнча проректору аялын урду деген шек менен кармалып, үч күнгө камалды. Милицияга аял түн ортосунда кайрылып, жардам сураган.
  • Шектүүнүн кесиптештери ал апасы катуу ооруп жаткандыктан соңку кездери кыжалат болуп жүргөнүн айтып беришти.
  • Кыргызстанда кыз-келиндер зордук-зомбулукка кабылган, майып болуп, өмүрүнөн айрылган окуялар көп.

Келин телефонуна тартып алган кыска видеодон ал колунда бир баласын кармап отурганын, жанында дагы бир наристеси бар экенин, ошол учурда жубайлар кайым айтышып, күйөөсү аны бир нече жолу муштаганын көрүүгө болот.

Бул видео социалдык түйүндөргө дароо тарап, кызуу талкуу жаратты.

Көп өтпөй милиция расмий маалыматын таратты. Анда окуя 11-декабрдын түнүндө Бишкектеги кичи райондордун биринде болгону айтылды:

"11-кичи райондон үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу кабар түшкөн. Ж.Т. атуу жаран райондук башкармалыктын Тергөө кызматына алынып келинген. Кийин участкалык милицияга өткөрүлүп берилген. Ага карата административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштегени белгиленген", - деп айтылды Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматында.

Күйөөсү кол көтөргөнүн айткан келиндин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Жакындары анын эмоционалдык абалы азыр оор экенин, эки айлык баласы дагы тумоолоп калганын билдиришти.

Буга чейин келин жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине окуя тууралуу айтып, интервью берген:

Жабыркаган аял.
Жабыркаган аял.

"Үйлөнгүчө жолугуп жүргөнбүз, баары жакшы эле. Ал мага жомоктогудай жашоону убада кылган. Кийин баары өзгөрдү, мени кемсинтип, чектеп, кыйкырып, урушууга өттү. Анан кол көтөрө баштады. Ал кезде мен кош бойлуу элем. Кайра ыйлап, кечирим сураса, кечирип жүрдүм. Биз кайненем болуп чогуу жашачубуз, үйдөн киши үзүлчү эмес. Урушканыбызды көрүп турушса дагы билмексен болушчу. Басымдан улам маалынан мурда төрөдүм. Биз өз алдынча үй-бүлө боло албай койдук. Кредитибиз да бар эле".

Келин соңку кездери жума сайын эле уруш-талаш болуп, акыры ур-токмок менен аяктап келгенин, бири 1,5 жашар, экинчиси эмчектеги балдарын алып бир нече ирет кетип да калганын, кийин күйөөсүнүн суранычы менен кайтып барганын айткан.

Жабыркаганын айткан келиндин укугун коргоо менен адвокат Шердор Абдыкапаров алектенүүдө. Ал шектүүнүн жаза чарасын аныктоодо милиция шашылыш чечим чыгарып койгон деп эсептейт:

"Бул биринчи эле жолу катталган окуя эмес экен, мурда да болуптур. Ал боюнча тосмо арыз бериптир. Күйөөсү жалдырап, анан кайра кайталаныптыр. Келин эмоционалдык абалы оор, өзүнө келе албай, ыйлап, кечээ интервьюда өзүн араң кармады. Бул административдик укук бузуу, үч суткага камалат. Тергөөчүлөр шашып койду деп ойлойбуз. Жок дегенде мурдагы иштерин карап, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүп, келиндин денесине кандай залал келгенин карашса болмок".

Окуя социалдык тармактарга чыгып кеткенден кийин кармалган киши Медициналык академиянын укук иштери боюнча проректору экени белгилүү болгон.

"Азаттык" аталган окуу жайга барып, шектүүнүн кесиптештерине жолукту. Алар аталган кызматкер бул окуу жайда жети жылдан бери иштерин, аялы менен дагы ошол жерден таанышканын, мурда-кийин жүрүм-турумунан жаман эч нерсе деле байкашпаганын айтып беришти.

Мускай Исмаилбеков
Мускай Исмаилбеков

"Кесиптешибиз аялын дайыма уруп жүргөн дегенди уккан эмеспиз. Билбейм эми, бөтөн үй-бүлө да. Апасы онкологиялык дарт менен ооруп жүргөнүн уккам. Адам катары жакшы, өз ишине берилген, кыйын кесипкөй адис. Студенттерге сабак берет, эгер жаман мамиле кылса, алар сөзсүз кайрылмак. Андай болгон эмес", - деди академиянын проректору Мускай Исмаилбеков.

Айрым кесиптештери камера сыртында сүйлөшкөндө камалган кишинин энеси 4-стадиядагы рак менен ооруп жатканын, мындан улам соңку кезде ал чын эле кыжалат болуп, кайгырып жүргөнүн айтып беришти.

Интернетке тараган видеодон да ал аялына кол көтөргөндө "Сенден канча жолу сурандым, апамды жайына кой деп... Деги мени, аны жайыбызга койчу" деп ызырынып сүйлөп жатканын угууга болот.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары бул окуяда зомбулукка кабылган келин да, апасы менен аялы ортосунда ушундай болуп, өз келинчегин токмоктогон эркек да, ата-энесинин бири-бирине заарын чачкан мамилесине күбө болгон балдар да, рак илдети менен алышып жаткан эне да кейиштүү абалда экенин белгилеп жатышат.

Адвокат Евгения Крапивина үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдардын укуктарын коргоп жүрөт. Ал мындай окуялар барган сайын көбөйүп жатканын белгилеп, анын кесепети менен күрөшпөй, алдын алуу чараларына көңүл бурулушу керек деп эсептей турганын айтты:

“Аялдар ачык айтып, милицияга кайрыла баштады. Коргоо ордерин алууда маселе жок, бирок бизде баарына көз салгыдай участкалык милициялар көп эмес. Зомбулук көргөн аялдар бара турган жери жок, кайра эле күйөөсүнүн үйүндө калууга аргасыз. Ошондуктан шелтерлер (үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар убактылуу баш калкалай турган жай - ред.) ачылышы керек. Коргоо ордеринде зомбулук көрсөткөн адам бир канча убакыт үйүнө келе албагыдай шарт камтылса жакшы болмок. Эгер токтом бар болсо, анда ошол зөөкүрлөрдүн сүрөтүн жарыялаш керек. Бир алгылыктуу иш жүрүшү зарыл".

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга зомбулук көрсөтүп, алтургай өлтүрүп койгон үрөй учурган окуялар катталууда.

Кыргызстанда быйыл он айда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 18 254 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 27,7% же 3961 окуяга көп. Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 4 334 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 1540 адам коомдук ишке тартылып, 2090 киши камакка алынган.

Медакадемиянын проректору аялын урду деген шек менен кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00


Шерине

 

XS
SM
MD
LG