Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Аба ырайы: 14-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт


Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 14-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 9…11° жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG