"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Социалдык тармактарга Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев менен академиянын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тарады.
10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялады. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон. “Хочу жить” бул тизме орус армиясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнөн алынганын билдирди.
Бишкекте Транспорт департаментинин коомдук транспортто бөбөк арабага кошумча жол кире талап кылган чечими коомчулуктун кескин сынына кабылды.Үч жыл мурунку шаардык кеңештин токтомуна ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн көлөмүнө карап, кошумча жол кире төлөөгө милдеттүү.
Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде өтөсүн дешет.
Кыргызстанда темир тор артында отуруп, кыздар менен телефон аркылуу байланышып, мамиле түзүп, кийин ири суммада акчасын алып, алдап кеткендер бар. Түрмөдөгү шылуундар ишенимге кирип, кыздардын интимдик сүрөтүн алып, аны "жарыялап салам" деп коркутушат. Кыздар мындай “сүйүүгө” кантип алданып калууда?
Украинада согуш башталгандан бери кыргыз паспортун алууну жарнама кылган орусиялык ортомчулар көбөйдү. Кыргыз паспортуна кызыккандардын арасында аттуу-баштуу орусиялыктар бар. Кыргызстандын жарандыгын соодалагандар кимдер? Алар анча акчаны кайда сарптайт? Кыргыз бийлиги кандай чара көрө алат?
Белгилүү футболчу Айдана Оторбаева кенедей кезинен турмуштун далай сыноосуна кабылган. Жокчулук, кемсинтүү, атасы менен мамилеси, айтор башынан өткөн окуяларга сынбай, футболдо ийгиликке жеткен. Айдана Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону.
Кыргыз улуттук драма театрында үч күн катары менен режиссер Уланмырза Карыпбаевдин “Эне” спектакли коюлду. Чыгармада оорулуу эненин тагдыры менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктардын урашы, балачакта жүрөгүнө так болуп калган психологиялык травманын салдары жана кыргыз аялдарынын оор тагдыры көтөрүлгөн.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоолор жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындан улам бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар да чочулап, жумушка убактылуу чыкпай койгондор болууда.
АКШнын медиасы Дональд Трамп кызматка киришери менен өлкөдөгү мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер башталарын жазды. Мигранттарды текшерүүлөр 21-январда Чикаго шаарында башталышы мүмкүн экенин кабарлады. Чикаго шаары турган Иллинойс штатында болжол менен 40 миңдей кыргызстандык бар.
Туура бир жыл мурда, 2024-жылдын 16-январында Кыргызстанда эркин медиа өкүлдөрү жапырт кармалып, алардын төртөө сот жообуна тартылган. "Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкерлери кабылган бул окуя Кыргызстандагы сөз эркиндиги маселесин козгогон.
Энергетика министрлиги май айынан тартып электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттай турганын билдирди. Тариф жыл сайын, инфляцияга жараша көтөрүлүп турары айтылды. Карапайым тургундар баа көтөрүлгөнүнө жараша электр жарыгы жеткиликтүү болушун белгилеп, азыркы таптагы өчүрүүлөргө нааразы.
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев былтыр декабрда шайлоолордогу гендердик квотаны кайра карап чыгуу керектигин билдирди. Гендердик квотасыз Кыргызстанда айымдардын жергиликтүү кеңештерге, парламентке келиши дээрлик мүмкүн эмес. Төраганын аялдарга карата айткан билдирүүсү сынга кабылды.
“Женго” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады.
Казакстандын Актау аймагында учагы кыйраган Azerbaijan Airlines компаниясы учактын кыйроосуна “сырттан физикалык жана техникалык кийлигишүү” баштапкы себеп болгонун билдирди.
Айрым тарыхчылар эл оозундагы маалыматтарга таянып, 1938-жылдын кыш, жаз айларындагы репрессия курмандыктары Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнү жайгашкан жерде массалык түрдө жашырылган деп эсептейт.
Европарламент Кыргызстанда адам укуктарынын абалына тынчсызданып, өлкө демократия жолунан тайганын белгиледи. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Нестан Киязова АКШда эркин күрөш, грепплинг, жиу-житсу жана эрежесиз мушташка катышып, төрт кур, ондогон медал тагынды. Ал автомектепте оор жүк ташуучу машине айдаганды үйрөтүп, студенттерди экзаменге даярдайт. Анара Эркинбаева Америкада кош бизнес ачып, бир эле жерде гүл сатып, кафе иштетет.
Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, оор абалда ооруканага түштү. Анын жакындары армиядагы ыдык көрсөтүүдөн бөйрөгү катуу жабаркап, баса албай жатканын айтууда. Башкы прокуратура аскердин сабалганы боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Кыргызстанда түрдүү жагдайда ата-энесинен айрылган балдардын саны 2800дөн ашат. Алардын 500гө чукулу атайын интернаттарда тарбияланат. 18ге толгондон кийин өспүрүмдөр кайда барарын, кимден жардам сурарын билбей кыйналат. "Азаттык" ата-энеден ажырап калган балдар жана алардын тагдырына кызыкты.
Дагы жүктөңүз