12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Айбек Теңизбайды Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алды. Мындай өтүнүчтү сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берди.
Айбек Теңизбай сотто максаттуу түрдө атайын улут аралык кастыкты козутууга аракет кылбаганын, жоопкерчиликти сезерин билдирген. Адвокаты Жаныш Бараков аны электрондук көзөмөл менен эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн берген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Айбек Теңизбайды 11-декабрда кармаган. Атайын кызмат ал социалдык тармактарда белгилүү бир улутка каршы жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялап келгенин кабарлады. “Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналарын жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн экенин” билдирди, бирок кайсы улуттун өкүлдөрү тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.
Козголгон кылмыш иши жана чогултулган материалдар боюнча Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган. Эксперттер Айбек Теңизбайдын социалдык тармактарда жарыялаган материалдарында улут аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген корутунду беришкен.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” менен кылмыш иши козголгон.
31 жаштагы Айбек Теңизбай Президентке караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча билим алып, магистрдик окуусун Түркияда уланткан. Окууну аяктагандан кийин Түркиянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык жаштардын өтүшүнө көмөктөшкөн компания иштеткен. Кийин президенттик аппаратта жана парламентте да эмгектенген.
Ал социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече постторду жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келет. (BTo/TAb)